Өзгөчө кырдаалдар министрине Замирбек Аскаровдун, вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлиги жактырылды

4 февраля 2020 11:21 603 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аларады парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевди депутаттарга премьер-министр Мухаммелкалый Абылгазиев тааныштырды. Сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. 

«Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», - деди ал.

Мурдагы министр Нурболот Мирзахмедов ушул жылдын 23-январында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Эске салсак, Замирбек Аскаров учурда вице-премьер, ал эми Эркин Асрандиев орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасы.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Ссылка: https://barometr.kg/tarmaktyk-komitet-zgch-kyrdaaldar-ministrine-zamirbek-askarovdun-al-emi-vice-premerlikke-erkin-asrandievdin-talapkerligin-zhaktyrdy



Добавить комментарий