Депутатар бийик тоолуу биология жана медицина боюнча Индия мамлекети менен биргелешкен мемарандумду колдоду

23 декабря 2019 13:13 914 Barometr
Поделиться в:
ok

 Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети илим жана медицина жаатындагы кыргыз-индиялык өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган КР Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандуму боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

 Келишимге ылайык, илимий изилдөөлөр КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКТБ КР ССМ) менен Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун (DRDO) базасында түзүлгөн Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борбору (УКТБ КР ССМ) тарабынан ишке ашырылат.

Илимий изилдөөлөрдү өткөрүү инфратүзүмдөрдү (Төө-Ашуу ашуудагы илимий станция, Сөөк-Ашуу ашуусундагы жаны илимий станция) колдоого каражаттар Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү уюму (DRDO) тарабынан бөлүнүп берилет. 

Меморандумду ишке ашыруу боюнча баардык каражаттар Кыргызстан тарабынан Улуттук кардиология жана терапия борборунун бюджетинин эсебинен жабылат жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tarmaktyk-komitet-bijik-tooluu-biologiya-zhana-medicina-boyuncha-birgeleshken-memarandumdu-koldodu



Добавить комментарий