Тамашоучу Актан Рыскелдиев аялым туп-туздуу борщ, күйгөн картошка, муздак чай берет дейт
Тамашоучу, "Эл эмне дейт?" теле долбоорунун катышуучусу Актан Рыскелдиев бүгүнкү күндө инстаграм баракчасы аркылуу кызыктуу, ар тараптуу посттору менен бөлүшүп келет. Акыркы постторунун биринде ал:
"Үйлөнгөндөн бери мен кандай гана тамак жеген жокмун. Ферузанын жоктон бар кылып койгон адаты бар. Тамакты аябай соонун жасайт. Аштан башкасын. Бирок, ушу күнгө чейин башкача дагы тамактарды жеп жүрдүм айла жок. Туп-туздуу борш, күйгөн картошка, муздак чай, чийки аш, эзилип кеткен рожки, мурдагүнкү шорпо, жалжайып калган манты... Феруза билбейт бирок. Илибой тамагын мактап жейм да. Антпесе болбойт, - деп жазды.
Анын комментарийлеринде окурмандары ар түрдүү пикирлерди жаадырды.
Албетте бул тамаша болчу жана тамашаны аялы Феруза туура кабыл алганын билдирген пикир калтырды. Кайра Актанга тамашалап экинчи аял ал десем болбойсуң, - деп күлдү.
Добавить комментарий ×