Тамак-аштан массалык ууланууга карата медициналык окуу өткөрүлөт

31 июля 2018 18:45 1324 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2018-жылдын 2-3-августунда тамак-ашка массалык уулануу жана массалык жабыр тартууга карата медициналык симуляциялык окуу өткөрөт. Бул туурасында  ׀׀׀Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан маалымдашты. 

Медициналык окуу-машыгуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык аймактык ооруканасында болмокчу. Ага саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, санэпидемкөзөмөл департаментинин жана Ысык-Көл облусунун санэпидемстанция борборунун адистери, аймактык ооруканалардын врачтары жана тез жардам мекемелеринин кызматкерлери катышат. Иш-чаранын максаты – улануудан массалык жабыр тартуудагы коопсуздук абалда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, ооруканалардын адистеринин, тез жардам кызматкерлеринин тажрыйбаларын арттыруу. Мындан сырткары окуу-машыгуунун жүрүшүндө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин даярдык деңгээли текшерилет. Иш-чара Дүйөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен өткөрүлмөкчү. Машыгууда жергиликтүү  медициналык мекемелердин алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгын, иштөө деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.     

Ссылка: https://barometr.kg/tamak-ashtan-massalyk-uulanuuga-karata-medicinalyk-okuu-tkrlt



Добавить комментарий