Тамада Нурсултан Абдыжапаров 27 жашында жол кырсыгынан улам каза болду
Жаш тамада, талантуу жаш жигит Нурсултан Абдыжапаров жол кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу анын устазы, тамада Максат Надырбеков жазып чыккан маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Токтогулга тойго барып, жол кырсыгына кабылган Нурсултан оор жаракат алып, каза болгон.
«Жаркылдаган жакшы бала элең, жүрөгүм ооруп турат. Агай деп жаркылдап турган элесиң эсимде калат. Ыйманың саламат болсун. Окуучубуз болот, тамада эле», -деп жазган ал.
Ал болгону 27 жашка гана чыккан.
Нурсултан үй-бүлөдө төрт бир тууган. Ата-энесинин жалгыз уулу болгон. Анын сөөгү бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарында жерге берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/tamada-nursultan-abdyzhaparov-27-zhashynda-zhol-kyrsygynan-ulam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×