Талибдер жаңы тартип киргизүүдө: аялдар көчөгө чыкпайт, эркектер сакалын кыркпайт
Афганистандын түндүгүндөгү бир нече районду басып алгандан кийин "Талибан" кыймылы катуу тартипке кайтарып келүү тууралуу кат жүзүндөгү буйруктарын берди. Бул тууралуу The Hindu булагы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылуу менен маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Афгандыктардын айтымында, эми талибдер каратып алган аймакта эркектер сакалын алууга болбойт, жаштар кызыл жана жашыл түстөгү кийимдерди кийиши керек. Аялдардын иштөөсүнө жана көчөгө бирөөнүн коштоосу жок чыгуусуна тыюу салынат.
“Көп аялдар жана жыш кыздар сайма сайып, кийим жана бут кийим тигип иштешчү эле. Эми талибдердин буйругунан коркуп жатабыз”,-дейт Шир Хан Бандар кыштагынын тургуну.
Анын айтымында көп аялдар үй-жайын таштап өлкөнүн түштүгүнө качып кетишкен.
Буга чейин социалдык тармактарда 15 жаштан улуу кыздардын жана 45 жашка чейинки жесир аялдардын тизмесин "Талибан" жоокерлерине аялдыкка алыш үчүн сурап жатышканы тууралуу пост жарыяланган. Кыймыл бул постко тишеси жок экенин билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/taliber-zhay-tartip-kirgizd-ayaldar-kchg-chykpajt-erkekter-sakalyn-kyrkpajt
Добавить комментарий ×