Талибандар Кабулдагы Норвегиянын элчилигин басып алышты
Радикалдуу “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) жоочулары Кабулдагы Норвегиянын элчилигинин имаратын ээлеп алышты. Бул тууралуу Ирандагы Норвегиянын элчиси Сигвальд Хауге өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
Дипломаттын айтымында, кыймылдын өкүлдөрү имаратты кийинчерээк кайтарып бере турганын айтышкан.
“Азыркы учурда талибдер Кабулдагы Норвегиянын элчилигинде. Аны кийинчерээк кайтарып берерин айтышууда. Адегенде вино бөтөлкөлөрүн талкалап жана балдар китептерин жок кылуу керек. Болжолу куралды алар азыраак коркунучтуу деп эсептешет окшойт”,-деп жазды элчи.
Буга чейин аталган кыймыл Афганистанда убактылуу өкмөт түзүлгөнүн жарыялаган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/talibandar-kabuldagy-norvegiyanyn-elchiligin-basyp-alyshty
Добавить комментарий ×