Таластан Канжарбек уулу жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

17 августа 2019 22:46 2454 Barometr
Поделиться в:
ok

Грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбан Таластан Канжарбек уулу жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Таластан жарым финалда түрк балбаны Kerem KAMAL’га 7:4 эсебинде утулуп калды.

Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курамасынын машыктыруучусу Шухрат Ушуров “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында, коло байге үчүн беттеште Таластандын атаандашы алжирлик Mourtada NAANAA менен азербайжандык Асгар Ализада жубунун жеңүүчүсү болмокчу.

Канжарбек уулу чейрек финалда япон балбаны Казуки Ябе’ни 10:5 эсебинде жеңди. Ага чейин 1/8 финалда кытайлык Alamusi ALAMUSI’ни 10:0 техникалык таза жеңиш менен уткан.

Коло байге үчүн беттеш 18-августта болот.

 Күрөштүн түрлөрү боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Таллин шаарында (Эстония) өтүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/talastan-kanzharbek-uulu-zhashtar-arasynda-djn-chempionatynyn-kolo-bajgesi-chn-krsht



Добавить комментарий