Таластагы "Жерүй" курулушунун алкагында курулуп жаткан негизги подстанциялардын биринин курулушу бүтүп калды

16 октябрь 2018 10:10 1004 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Таластагы  "Жерүй" курулушунун  алкагында курулуп жаткан негизги подстанциялардын биринин курулушу аяктап калды. 

Бул электр подстанциясы тоо-кен казып алуу иштеринде фабриканы жана жалпы алтын иштетүүдөгү инфраструктуралардын обьектилерин электр жарыгы жана керектүү энергия менен камсыздап турат. 

Жумуштук долбоорду жана курулуш-монтаждоо иштерин ишке ашырууда  Кыргызстандагы электр тармагында ири тажрыйбага ээ  «Электросила» ЖЧК компаниясы камсыздоодо. Буга чейин белгилүү болгондой эле, жогорудагы аталган компания 100дөн ашык трансформатордук подстанцияларды орнотушкан жана 40 километрдей кабельдик, ошондой эле аба линияларын дагы ишке киргизишкен. 

Жерүйдөгү курулуш-монтаждоо иштери боюнча ЖЧК "Электросила" компаниясы Кыргызстандагы нормаларга жана эрежелерге ылайык ишти сапаттуу алып барып жатат десек жаңылышпайбыз. Подстанцияны курууда заманбап сапаттуу жабдыктар Орусиядан алынып келинип, жалпы курулушка кеткен чыгым 303 миллион сомду түздү. 

2018-жылдын ноябрь айында подстанцияны текшерүү үчүн иштетилип көрүлөт, андан кийин  декабрдын башында иштөөгө уруксат алуу үчүн мамлекеттик комиссиядан  өткөрүү иштери турат. 

Ал эми 2019-жылдын январь айынан баштап курулуш-монтаждоо иштери толук аягына чыгып, Жерүйдөгү обьектилерди электр менен камсыз кылуу иштери ишке киргизиле баштайт. Муну менен бирге ЖЧК "Электросила" компаниясынын ишкердуүлүгүнө коңшу жайгашкан аймактагы айыл тургундары дагы кызыкдар болууда. 


"Альянс Алтын" компаниясы  ЖЧК "Электросила" компаниясынын аткарган жумуштарына жалпысынан бардык талаптарга жооп бергендигин белгилеп, мындан ары дагы иштешүүгө кызыкдар экендигин билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-zherj-kurulushunun-alkagynda-kurulup-zhatkan-negizgi-podstanciyalardyn-birinin-kurulushu-btup-kaldy



Добавить комментарий