Таластагы обсервацияда иштеген дарыгерлер “Альянс Алтын” компаниясынын кезектеги жардамын алды

24 апреля 2020 16:48 2402 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусундагы обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлер “Альянс Алтын” компаниясынан коргоочу каражаттарды алды. Бул тууралуу компаниянын маалымат катчысы Касиет Карачолокова “Барометр” маалымат агенттигине билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 24-апрелде “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү Талас облусундагы дарыгерлерге кезектеги жардамды көрсөтүштү.

“Коргоочу костюмдардын комплекти — вакуум көзайнектер, респираторлор, бахилалар жана колкаптар Талас облусундагы обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлерге тапшырылды. Андан сырткары 100 респиратор менен коргоочу костюмдар санитардык-карантиндик пунктарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге берилет”, — деди Карачолокова.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аймакта коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө үчүн “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери тарабынан берилип жаткан жардамды эл сезип жатканын айтты.

“Өзгөчө абал киргизилген биринчи күндөн тартып Жерүй кенин иштеткен компания элге, дарыгерлерге жана социалдык кызматкерлерге учурунда жардам берүүнү уюштуруп, керектүү аракеттерди көрүп жатышат. Биздин бардык талаптарыбыз компания тарабынан канааттандырылууда”, — деди Мураталиев.

Белгилей кетсек, буга чейин “Альянс Алтын” компаниясынын акционерлери коронавирус менен күрөшүүгө 16 миллион сом бөлгөн. Аталган каражатка Талас облусуна өтө зарыл болгон медициналык жабдуулар, коргоочу каражаттар, беткап, колкап жана антисептиктер алып келинген.

Андан сырткары Талас облустук ооруканасына ИВЛ аппараты алып келинген.

Талас облусунун 277 тургунуна “Альянс Алтын” ЖЧКсы тарабынан бир мүшөктөн ун жана күрүч таратылган. Азык-түлүк аз камсыз болгондор менен тамак-аш сатып алууга үлгүрбөй калгандарга берилген.

Баса белгилеп кете турчу нерсе Кыргызстан боюнча бир гана Талас облусунда коронавирус илдетине чалдыккандар катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/talastagy-observaciyada-ishtegen-darygerler-alyans-altyn-kompaniyasynyn-kezektegi-zhardamyn-aldy



Добавить комментарий