Таластагы Киров суу сактагычтын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Ким экени белгисиз
Поделиться в:
Талас облусунун Кара-Буура районундагы суу сактагычтын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 29-октябрь күнү саат 18:51де Бакыян айылындагы Киров суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу 102 кызматына маалымат келип түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уткаруу кызматкерлери белгисиз денесин суудан чыгарып. ИИМне өткөрүп беришкен. Азырынча жарандын ким экендиги, аты-жөнү белгисиз. Иликтөө иштери такталууда.
Добавить комментарий ×