Таласта жер силкинди

6 сентябрь 2019 09:21 2288 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык ѳлкѳ аймагында 5-сентябрда саат 20:45те жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Таластагы Кыргызстан айылынан түштүк-батышка 5 чакырымда, Бакыян айылынан түштүк-чыгышка 6 чакырымда, Бейшеке айылынан түштүк-чыгышка 7 чакырымда, Кара-Буура айылынан түндүк-чыгышка 12 чакырымда, Миң-Булак айылынан түндүк-батышка 13 чакырымда, Бакай-Ата айылынан түндүк-батышка 15 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстан, Бакыян, Бейшеке, Боо-Терек айылдарында 3,5 баллга, Бакай-Ата, Ак-Дөбө, Миң-Булак, Кара-Буура, Чоң-Кара-Буура, Үч-Терек, Кызыл-Адыр, Чымгент айылдарында 3 баллга, Ынтымак, Өзгөрүш, Кең-Арал, Кызыл-Октябрь, Кара-Сай, Баласары, Покровка, Арал, Чеч-Дөбө, Кайыңды, Чоң-Капка айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-zher-silkindi



Добавить комментарий