Таласта Жер үй алтын кенин казуу иштери башталды
Талас облусундагы Жер үй алтын кенинде 11-ноябрдан тарта жардыруу иштери салтанатуу башталды. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын басма сѳз кызматы билдирди. Алгачкы жардыруу ишине Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитетинин председатели Эмил Осмонбетов, КР Улуттук өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин Эл аралык ишкер кенешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, Кыргызстандагы Россиянын соода өкүлү Валерий Латыпов, Талас облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Марат Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык саясаты өнүктүрүү долбоорлорун өнүктүрүү, экономика жана каржы секторунун башчысы Асхат Беков жана башка ѳкүлдѳр дагы катышты.
Катышуучулардын баары жумушчулардын жашоочуулары Вахто айылычасы менен таанышты. Алтын кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКсынын башчы директору Михаил Шубиндин айтымында, алгачкы жардыруу менен бирге кенди казып алуу иштери башталды.
Компания алтын алып башташ үчүн болжол менен Жаңы жылга чейин 50 миң тоннага чейин кен топтоп алышы керек. Ал, долбоорду ишке ашыруунун маанилүү баскычтарынын бири.
«Альянс Алтын» ишканасынын жетекчиси ѳлкѳндѳгү жетекчиликтегине колдоосуна, жергиликтүү калктын туура түшүнгѳнүнѳ ыраазычылык билдирди.
Эмил Осмонбеков «Джерүй» долбоору Кыргызстандын экономикасынын ѳнүгүсүнѳ чоң салым кошоорун баса белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-zher-j-altyn-keninde-zharadyruu-ishteri-bashtaldy
Добавить комментарий ×