Таласта унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти
Поделиться в:
12-августта Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул туурасында ӨКМ билдирет. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркады. Жаракат алгандар жакынкы Чат-Базар айылында жайгашкан ооруканага жеткирилди.
Куткаруучулар кырсык болгон жерге барып, каза болгон адамдын денесин туугандарына өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-unaa-zholdon-chygyp-oodarylyp-ketti
Добавить комментарий ×