Таласта унаа өрттөнүп, үч киши күйүктөн жаракат алып ооруканага түштү
Таласта оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп, үч киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кырсык, кечээ, 25-августта Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Дөбө айылынын түндүк тарабында болгон.
"Оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы өрттөнгөндүгү тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнө түшкөн. Жерине райондук №91 өрткө каршы бөлүктөн өрт өчүрүүчүлөр тартылып, унаадан чыккан өрттү саат 13:04тө чектөөгө алып, 13:38де толугу менен өчүрүшкөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р, 1988-жылы туулган У.М, 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жаракат алышкан.
Жаракат алган тургундарды өрт өчүрүүчү келгенге чейин “Тез жардам” кызматы медициналык жардам көрсөтүүүгө алып кетишкен.
Ал эми оор жүк ташуучу унаада электр жабдууларын техникалык пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесин сактабагандыктан өрт чыккан", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-unaa-rttnp-ch-kishi-kjktn-zharakat-alyp-oorukanaga-tsht
Добавить комментарий ×