Таласта спорттук клуб, бала бакча ачылды. Ага "Альянс-Алтын" көмөкчү болду

1 сентября 2019 14:36 3114 Barometr
Поделиться в:
ok

Таластын Өмүралиев айыл аймагында мушкерлер клубу ачылды. Эгемендик майрамында ачылган спорттук ордо "Альянс-Алтын" компаниясынын "Бакубат-Талас" фондунун эсебинен бүткөрүлдү.

Компаниянын өкүлү Данияр Жаныкуловдун айтымында, клубду ачууга 714 миң сом акча жумшалган. Бул каражатка оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, машыгууга керектүү шаймандар алынган. Иш-чаранын алкагында футбол, ордо, волейбол, шахмат оюндарынан мелдештер уюшулду.

Ушундай эле мелдештер Бекмолдо айыл аймагында дагы уюштурулду. Аларды уюштурууга 236 миң сом каралган. Иш-чарага "Ынтымак кербени" аркылуу Ош облусунан келген делегация да катышты.

Талас районунун Өмүралиев аймагында жеке ишкер Дамира Молдоярова эжебиз бала бакча ачуу максатында жеке үйдү сатып алып, аны айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берген. Ал жерди бала бакчага ылайыктуу кылып, эшиктин алдына таман таштарды төшөп, азык-түлүк сактаган кампасын куруп бердик. Ичине кир жуучу машина жана муздаткыч алып бердик”, - деди Данияр Жаныкулов.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-sporttuk-klub-bala-bakcha-achyldy-aga-alyans-altyn-kmkch-boldu



Добавить комментарий