Кара-Буурада мектептин реконструкциядан кийинки ачылыш аземи болду

5 сентября 2022 13:33 2252 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Райхан Шүкүрбеков атындагы орто мектебинин реконструкциядан кийинки ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Мектеп имараты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Швейцария Өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) каржылык колдоосунда АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында реконструкцияланып, колдонууга берилди.

Мектептин ачылышына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекеттик администрация башчысы – Талас облусунун Кара-Буура районунун акими, АРИСтин ЖМКК долбоорунун координатору, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана тургундар катышты.

Мектеп имараты 1981-жылы пайдаланууга берилип, анда 40 жылдан бери биринчи жолу оңдоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлгөн. Мектеп 192 окуучуга ылайыкталган, бүгүнкү күндө 170 бала билим алууда. «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында энергонатыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу максатында мектепти толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Модернизация учурунда энергонатыйжалуулукту жогорулатуу үчүн төмөнкү иштер аткарылган:

1.Мектеп корпусу жылууланды;

2.Имараттын сейсмикалык туруктуулугу бекемделди;

3.Эски терезе менен эшиктер жаңы жана жылуулукту сактай турчу пластик терезелерге алмаштырылды;

4.Жылытуу түзүмү жаңыланып, электрокерамикалуу батареялар орнотулду;

5.Электрди өткөрүү тармагы толугу менен жаңыртылды;

6.Жарыктандыруу диоддук лампаларга алмаштырылды;

7.Имараттын вентиляциялык түзүлүшү жакшыртылып, рекуператорлор орнотулду.

“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында модернизациядан өткөн имараттардын энергонатыйжалуулугу жогорулап, электр энергиясынын колдонуусу 30-50%га чейин үнөмдөлөт. Бул өз кезегинде энергоресурстарды жана финансылык каражаттарды рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-shkrbekov-atyndagy-mekteptin-rekonstrukciyadan-kijinki-achylysh-azemi-boldu



Добавить комментарий