Таласта мурунку губернатор Марат Мураталиевдин тарапташтары митинге чыгышты

8 октября 2020 12:04 552 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусунун мурунку губернатору Марат Мураталиевдин тарапташтары анын кызмат ордунда калуусун талап кылып, митинге чыгышты.

Марат Мураталиев чогулган элдин алдына чыгып сөз сүйлөдү. 

"Баарыңыздарды ынтымакка, биримдикке чакырам. Бул жыл абадан кыйын жыл болду. Коронавирус пандемиясы учурунда мени колдоп, айткандарымды угуп, баардык эрежелерди сактап берген элиме ыраазымын. Кечеки окуяда да мени менен болгонуңуздарга ырахмат", -деди Мураталиев.

Эскерте кетсек, Талас облусунун тургундары 6-октябрда губернатордун кызматтан кетүүсүн талап кылып, митинге чыкканда кийин ал кызматтан кетерин айткан.

Өкмөттүн Таластагы өкүлү Марат Мураталиев 6-октябрда өз каалоосу менен арызын жазып, ээлеген ордун бошотуп берген.


Ссылка: https://barometr.kg/talasta-murunku-gubernator-marat-muratalievdin-taraptashtary-mitinge-chygyshty



Добавить комментарий