Таласта кавасаки синдромун алдын алуу максатында медкызматкерлерди окутуу жүрүүдө

3 сентября 2020 16:34 1686 Barometr
Поделиться в:
ok

Таласта ооруканалар коргоочу каражатар менен эки айга камсыз болду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Талас облусундагы саламаттык сактоо мекемелеринде эки айга жете турган  коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Айта кетсек, 15 миңден ашык бир жолу колдонулуучу костюм, 160 миңден ашык беткап, 46 миң литр антисептик каражаты жана көп жолу колдонулуучу 2000ден ашык костюм бар", - деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору  Айжамал Шамбетова. 

Ошондой эле, анын айтымында азыркы күндө коронавируска чалдыккан балдардагы пайда болгон мультсистемдик сезгенүү илдетин дарылоо боюнча медкызматкерлерди окутуу семинарларды жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-medkyzmatkerlerge-seminarlar-tp-zhatat



Добавить комментарий