Досун бычак менен сайып коюп, беймарал жүргөн жигит. Окуянын чоо-жайы тууралуу милиция айтып берди

13 октября 2020 10:25 5418 Barometr
Поделиться в:
ok

Кече, 12-октябрда Таласта классташ баласын бычак менен сайып койгон баланын видеосу интернетке желдей тараган. Бул окуянын чоо-жайын Талас ОИИБнын маалымат кызматы “Барометрге” айтып берди.

Маалыматта, 12-октябрь күнү кечинде балдар классташ баласы үйлөнүп, тойдон чыгышканы айтылат. 

"Тойдон кийн майрамды андан ары улантуу максатында Талас шаарынын борборундагы “Алтын Казык” деген супермаркетке киришкен. Ошол жерден алардын ортосунда түшүнбөстүк пайда болуп, дүкөндө сатыкта турган ашкана бычагы менен классташ баласын сайып койгон. Анын натыйжасында 1996-жылы туулган Талас шаарынын тургуну алган жаракатынан улам, ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми классташын сайып койгон 1997-жылы туулган жаран кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", -деди Талас ОИИБнын маалымат кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/talasta-klasstash-balasyn-bychak-menen-sajyp-koyup-bejmaral-zhrgn-zhigit-okuyanyn-choo-zhajy-tuuraluu-miliciya-ajtyp-berdi



Добавить комментарий