Таласта дайынсыз болуп жаткан бир туугандардын жансыз денелери табылды

20 июля 2022 15:28 1246 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан бир туугандардын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын тургундары, 18 жаштагы У.Э. эркек бала жана У.К. 16 жаштагы кыз бир туугандар 19-июль күнү дайынсыз жоголгондугу тууралуу 102 кызматына түшкөн.

"Маалымат тушкөн күнү ИИБкызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми бүгүн жерине Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  5 куткаруучусу, ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте издөөгө чыгышкан.

Издөө иштеринин натыйжасында Талас дарыясынан аталган бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Андан бир жарым саат өткөндөн кийин ӨКБнын адистери суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/talasta-dajynsyz-bolup-zhatkan-bir-tuugandardyn-zhansyz-deneleri-tabyldy



Добавить комментарий