Талашка түшкөн борщ. Украина менен Россия борщту өздөрүнүн улуттук тамагы катары талашып жатышат

21 апреля 2021 12:55 4051 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын борщту орустардын улуттук тамактарынын бири деп атап алуусуна Украина жооп кайтарып, “эми орустар биздин тамагыбызды да энчилеп алгысы келип жатат” деп баалыды. Бул тууралуу Украинанын маданият министри Александр Ткаченконун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин, Ростуризм жана Google "Раскуси Россия" энциклопедиясын ишке киргизишип, анда, борщ орус тамактарынын катарына кирет деп белгилешкен.

"Борщ - бул этникалык украин тамагы. Мурунку аймактарды, этностук топторду өздөрүнө ыйгарып алуу жүз жылдан ашуун убакыттан бери Кремлдин бирден бир максаты болуп келген", - деди Украинанын маданият министри.

Ал буга чейин, Украинанын Маданият министрлигинин атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасы катары "украиналык борщту бышыруу маданиятын" сунуш кылгандыгын эскерди.

"Дүйнө биздин улуттук тамагыбызды тааный тургандыгына ишенем. Борщту канчалык интернет аркылуу орустардын тамагы деп жарнамаласа да, ал эч качан орустардыкы болбойт!" - деп кошумчалады Ткаченко.

Буга чейин, орусиянын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Елена Панина Украинанын борщту өздөрүнүн менчиги катары таануу үмүтү жосунсуз экенин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/talashka-tshkn-borsh-ukraina-menen-rossiya-borshtu-zdrnn-uluttuk-tamagy-katary-talashyp-zhatyshat



Добавить комментарий