Бүгүн түндө Талас менен Ысык-Көлдө үшүк жүрөт
Поделиться в:
11-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2…-4° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.
Эскерте кетсек, 9-апрелде Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жааган. Анын ичинде Бишкек шаары дагы бар.
Ссылка: https://barometr.kg/talas-yssyk-kld-shk-zhrt
Добавить комментарий ×