Талас облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Марслатбек Шералиевге сот чечимин чыгарды

27 ноября 2020 15:50 1876 Barometr
Поделиться в:
ok

 Мас абалда велосипедчен баланы өлтүрө сүзүп алган Талас облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы Марслатбек Шералиевге сот чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Маалыматка ылайык, өкүмдү Талас райондук соту 23-ноябрда чыгарган. Анда Марслатбек Шералиев күнөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратылган.

 Окуянын чоо-жайы: Ушул жылдын 30-июлунда, саат 17:30 чамасында Көк-Токой айылында Toyota runner унаасын 53 жаштагы Марслатбек Шералиев башкарып бараткан. Ал батыштан чыгышка карай бара жатып, жол жээгинде велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп кетип, ал жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Талас райондук сотунун 2020-жылдын 23-ноябрынын өкүмү менен Ш.М.Ж. КРнын Жазык кодексинин 297-беренесинде; 135-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо күнөлүү деп табылган жана ага төмөнкүдөй жаза белгиленген:

КРнын Жазык Кодексинин 297- беренеси менен 2 (эки) жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 2 (эки) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылган;

КРнын Жазык Кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 (эки) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылган. 

КРнын Жазык Кодексинин 78-беренесине ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен, Ш.М.Ж. биротоло 2 (эки) жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 3 (уч) жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunun-yjgarym-ukuktuu-klnn-eks-zhardamchysy-marslatbek-sheralievge-sot-chechim-chygardy



Добавить комментарий