Таласта садака-битирдин эсебинен 30 бүлөгө жардам берилди

30 июня 2020 12:20 912 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас облусунда 2020-жылы садака-битирдин эсебинен чогулган акча каражаты жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилүүдө. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, Талас областтык мусулмандар казыятына жалпы суммасы отуз миң сом келип түшкөн. Ал каражат 30 бүлөгө 1000 сомдон берилди.  

Түшкөн каражатты муктаждарга, жетим жесирлерге жана арыз менен кайрылгандардын социалдык абалына карап таратылууда.

Садака-битир таратуу иш-чарасына Талас облусунун казысы Бапиев Таалай ажы анын орун басары Сагынбаев Медер ажы катышып, бул жылы чогултулган битир-садака муктаждарга атайын тизменин негизинде калыс бөлүштүрүлүп берилгенин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunun-kazyyatynan-30-j-blg-zhardam-berildi



Добавить комментарий