Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду
Поделиться в:
Талас облусундагы Нылды көлүнө 15 жаштагы өспүрүм кыз чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Берилген маалыматка ылайык, 2018-жылдын 10-июл күнү саат 12:30 чамасында Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө 2003-жылы туулган М.А аттуу өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти деген маалымат түшкөн. Жеринде издөөгө КР ӨКМнин Талас шаардык №17 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusundagy-nyldy-kln-15-zhashtagy-sprm-kyz-chgp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×