Талас дарыясына 40 жаштагы аял чөгүп каза болду
Поделиться в:
Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 40 жаштагы аял түшүп кетип каза болду. Бул туурасында ӨКМ билдирет. Окуя 21-август күнү болгон. Андан бери издөө иштери жүрүп, 22-август күнү саат 13:10до маркумдун сөөгү ошол эле суудан табылды. ИИМдин кызматкерлери аялдын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/talas-daryyasyna-40-zhashtagy-ayal-chgp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×