Талант Кадыров менен Айя Садырованын ортосунда сүйүү барбы?
Белгилүү “60"К” тобунун ырчысы Талант Кадыров кийинки жылдары Айя Садырова менен дует аткарып келгендиктен аялы менен ажырашып Айя менен жашап жүрөт деген эл арасында ушактар пайда болгон. Бул ушактар боюнча ырчы социалдык баракчасына жооп калтырды.
“Эмнеден баштасам экен? Бул постту мен ою арам, бекерчи, кыларга иши жок жана бирөөнүн үй бүлөсүнө мурдун тыккан сасыктарга арнайм. Мен аялым менен ажырашып Айяга үйлөнүп алыптыр дегендер, оозуңарга кара таш! Силерге Жаратканым жүрөгүңөргө бир гана ыйман берсин. Мен үй бүлөм менен бактылуумун! Бул менин өмүрлүк жарым @elkaelka1414 таанып жүрүңүздөр” – деп кайрылды.
Ырчынын колдонуучулары “Туура кылдың, Бактылуу болгула”, “Аядан да сулуу аялы бар турбайбы?”, ”Айя менен күнү тунү жүрсөң айтышат да”, буга кошумча “Нурлан мнен Аселда ушактара чекит койбойбу” деген ар түрлүү пикирлерин калтырышты.
Ссылка: https://barometr.kg/talant-kadyrov-menen-ajya-sadyrovanyn-ortosunda-sj-barby
Добавить комментарий ×