Таксист кызды зордуктап, эртеси ага үйлөнмөк болуп жакындары менен таанышты

19 июня 2019 12:39 9995 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада 19 жаштагы кыз укук коргоо органдарына зордуктоо тууралуу арыз менен кайрылды. Кыз таксист ага зомбулук кылып, кийин үйлөнөм деп ошондон бери дайынын таптырбай кеткенин айтып арыз берди. Бул тууралуу РЕН ТВ телеканалы кабарлады. 

Аталган маалыматка таянсак, такси айдоочу кызды үйүнө жеткирип бара жатып, ээн жерге токтотуп зомбулук көрсөткөн.Андан соң үйлөнө турганын айтып телефон номерин таштаган.

Чындап эле эртеси күнү келип кыздын жакындары, апасы менен таанышкан.

Апасына дагы анын кызына үйлөнүүнү каалап жатканын айткан.

Ошондон бери таксист дайын-оту жок жоголуп, телефонун албай койгон, кыз андан түңүлгөн соң полицияга арыз жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/taksist-kyzdy-zorduktap-ertesi-aga-jlnmk-bolup-zhakyndary-menen-taanyshty



Добавить комментарий