Тайванда аба жылааны үч жашар кызды асманга учуруп кетти (видео)

31 августа 2020 11:53 1709 Barometr
Поделиться в:
ok

Тайванда аба шаары фестивалы учурунда чоң аба жылаанына оролуп калган үч жашар кыз асманга учуп кетти. Бул тууралуу Euronews агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.

Тасмадан аба шаарына оролуп калган наристени шамал асманда ары-бери айланта учуруп жүргөнүн көрүүгө болот. Жердеги адамдардын баары көктү карап, жип үзүлүп наристе кулап кетет деп кооптонушкан. Алар кыйкырып, эмне кылаар айласын таппай калганы көрүнүп турат.

Бир канча убакыттан кийин аба жылаанына байланган  жипти кармап калууга үлгүрүштү. Бир топ адамдар чуркап барып, кызды аман-эсен, эч кандай жаракаты жок кармап калышты.


Ссылка: https://barometr.kg/tajvanda-aba-zhylaany-ch-zhashar-kyzdy-asmanga-uchurup-ketti-video



Добавить комментарий