Тайланддагы үңкүргө кирип кеткен футбол оюнчуларынан дагы төрт киши куткарыла элек

10 июля 2018 19:00 1576 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Тайланддагы үңкүргө кирип кеткен футбол оюнчуларынан дагы төрт киши куткарыла элек. Аларды куткаруу иштери бүгүн дагы уланат. Машыктыруучусу менен үңкүрдүн коңулунан чыга албай калган балдарды куткаруу үчүн атайын дасыккан суучулдар Британия жана Америкадан келишкен.Ошондой эле жергиликтүү суучулдар жана  деңиз мышыктары да балдарды табууга катышууда. Жоголгон балдарды куткарууда суунун ташкындаган агымы жана нөшөрлөп жааган жамгыр жолтоо болууда. 

Эскерте кетсек, 23-июнь күнү Чианг Рай аймагында футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы балдар машыктыруучусу менен үңкүргө кирген боюнча чыга албай калышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/tajlanddagy-krg-kirip-ketken-futbol-oyunchularynan-dagy-trt-kishi-kutkaryla-elek



Добавить комментарий