Тайэнесине таарынып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды
Сокулуктан дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыз Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун тургуну 2007-жылы туулган К.А. аттуу ѳспүрүм тайэнесине таарынып үйдѳн чыгып кетип келген эмес.
"Жакын туугандары кызды издеп, телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташып, Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден-соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн.
Ал эми, ден-соолукту чыңдоочу жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан. 10-август күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис тайэнесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап, Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/tajenesine-taarynyp-chygyp-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-zhatkan-sprm-kyz-tabyldy
Добавить комментарий ×