“Электр станциялары”: Бишкек жылуулук электр борбору кышка толук даяр
Бишкек Жылуулук электр борбору кышында боло турган бардык оордуктарга даяр болду. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын белгилешинче, бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү. Бишкек ЖЭБи үчүн Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталган.
“2019-2020-жылдарга күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп "КонтактУглеПром" ТОО табылды. 1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган. Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланды.
Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келип калат.
Бүгүнкү күнү, Бишкек ЖЭБинде 80 000 тонна көмүр бар, Кара-Кече көмүрүн жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү. Жалпысынан күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек ЖЭБи - өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири мекеменин бири болуп саналат. Кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат электрди иштеп чыгарат.
Ссылка: https://barometr.kg/tajdaralieva-bishkek-zhyluuluk-elektr-borboru-kyshka-toluk-dayar
Добавить комментарий ×