Таиландда коронавируска каршы эмдөө алгандарга лотерея ойнотулуп жатат
Таиландда коронавируска каршы эмдөө алганы үчүн жарандарга уй жана акча берүү убада кылынды. Ал үчүн лотереяга катышыш керек. Бул тууралуу Таиланд басылмаларына шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Чиангмай провинциясынын бийлиги эмделген адамдарды лотереяга катышууга чакырды. Анда 318, 160 жана 78 доллар ойнотулат. Алар жума сайын эмдөөдөн өткөндөрдүн ичинен бир мекендешин тандап алышат жана ага 321 доллар (27 миң сомдун айланасында) турган уй беришет. Дагы эки жеңүүчүгө 160 жан 78 доллар берилет.
“Таиланддын бул ыкмасы COVID-19га каршы күрөшүүдө калкка мотвация берет. Жарандар бийликтин демилгесин колдоп, жакшы кабыл алып жатышат”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Таиландда эмдөө сертификатын көрсөткөндөн кийин жергиликтүү дүкөндөрдө жана ресторандарда 10 % арзандатуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/tailandda-covid-19ga-karshy-emd-algandarga-lotereya-ojnotulup-zhatat
Добавить комментарий ×