Тахмина Ашуралиева: Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри – бул уникалдуу система

10 апреля 2020 12:01 1677 Barometr
Поделиться в:
ok

Ашуралиева Тахмина Мирзалыевна, КР Президентинин Аппаратынын соттук-укуктук реформага мониторинг боюнча ЭЖТтун мүчөсү, укуктук эксперт, адвокат. Ал Жазык сотөндүрүшүндөгү жаңычылдык: кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестри тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жазанын жаңы мыйзамдары, жаңы информациялык-коммуникативдик технологияларды (МКТ) жазык сотөндүрүшүнө жайылтууну жана бул процесстерди санариптештирүүнү карайт.

Бул, жаңы желаргынын көрүнүшү гана эмес, бирок керектөөлөрдүн, чакырыктардын, турмуштун өзгөргөн реалдуулугу. Жаза системасын куруу өлкө качан цифралаштыруунун жолу менен бара жатканын жана жаңы маалымат технологияларды бардык мамлекеттик чөйрөгө жайылтууну жарыялаган мезгилге туш келди, бул абдан кубанычтуу.

Мына ушундай инновациялык маалымат системасы болуп кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестри (КЖБР) (ЕРНН) саналат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри – бул Кыргызстанда мурда болбогон, жана биздин жаңы реалдуулук болгон уникалдуу система.

Кылмыштардын системасынын жалпы өзгөрүшү мамлекеттик органдардагы түзүмдүк өзгөрүүлөргө жана анын кызматкерлеринин компетенцияларынын өзгөрүшүнө жана алардын жаңы билимдерди алышына алып келет.

Мисалы, бул ар кандай компьютердик программалар менен иштөөнү билүү, статистикалык маалыматтарды чогултуу жана аларды иштетүү, жасалган иштерди иштетүү, инфографиктерди, таблицаларды түзүү, жумушта жаңы мамилелерди пайдалануу, жумуштарды мониторингден өткөрүү. Бул кылмыштардын алдын алуу боюнча алдын-ала эскертүүчү (превентивдик) жаңы чараларды иштеп чыгуу. Бул жаңы билимдерге жана компетенцияларга ээ болуу кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринде иштөөнү карайт.

Кылмыштардын жана Жоруктардын Бирдиктүү Борбору (КЖБР) деген эмне? Кылмыштардын жана Жоруктардын Бирдиктүү Борбору – бул, кылмыштар жана жоруктар, ошондой эле, аларды жасаган адамдар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, эсепке алуу боюнча
электрондук маалымат базасы.

Ушул КЖБРга киргизилген маалыматтар статистикалык отчетторду түзүү жана маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылат.

КЖБР жөнүндөгү Жобо, аны түзүү жана жүргүзүү КР Өкмөтү тарабынын бекитилет. 2018-жылы КЖБР жөнүндөгү Убактылуу жобо кабыл алынган, ал 2019-жылы кайтадан каралып чыгат жана КЖБРдын жаңы Жобосу кабыл алынат.

Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү борборун ишке киргизүүнүн бирден бир максаты – өлкөдө бул жазык-укуктук статстиканы түзүү, өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча чынчыл жана объективдүү статистикалык маалыматтар менен камсыз кылуу.

Ушуга байланыштуу, 2017-жылы КР Башкы прокуратурасында Укуктук статистика башкармалыгы түзүлгөн жана анын түзүмдүк бөлүктөрү өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жатышат.

Мурда ар бир мамлекеттик органдын: соттук, укук коргоо органдардын, прокуратуранын, жазык-аткаруу органдардын өздөрүнүн статистикасы жүргүзүлчү:

Өлкө боюнча таанылуучу, ал аркылуу өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалын баалоо мүмкүнчүлүгү боло турган Бирдиктүү статистика болгон эмес

Негизги максаты болуп, ошондой эле жаза-кылмыш боюнча мамлекеттин саясатын түзүү болуп саналат, бул өз кезегинде мамлекет тарабынан майнаптуу керектүү жооп берүү чараларын, кылмыштуулуктун алдын-алуу жана төмөндөтүү чараларын иштеп чыгуу. Бул система укук коргоо органдарындагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Жаза-кылмыш соттук өндүрүштү көзөмөлдөөнү системага салуу, жаза процесстеринин бардык стадияларында көзөмөлдү күчтөндүрүү - окуя жөнүндө маалымат каттоодон өтөөрү менен жана соттук дайындоо жана соттук чечимди аткаруу менен аяктоо аз маанилүү эмес. КЖБРды жайылтуу
менен жазык-кылмыш соттук өндүрүштү электрондук негизге этаптар менен өткөрүү аткарылат, жана андан ары электрондук кылмыш иши болот.

КЖБРин иштеп чыгууга, түзүүгө, жайылтууга жана тейлөөгө катышуучулар: КР Башкы прокуратурасы, ыйгарым укуктуу, жана координация кылуучу орган; сот органдары, КР сотт департаменти; КР ички иштер министрлиги, КР улуттук коопсуздук комитети, КР жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, КР экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, (Финансы полициясы), Маалымат технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик кызмат, кечээ жакында түзүлгөн.

Бардык белгиленген мамлекеттик органдар (СМЭВ) (ВАЭА)да «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү системасында каттодон өтүшү зарыл, бул
аркылуу КЖБРсистемасына кирүү ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнгө карата, мамлекеттик органдарды «Түндүккө» кошуу акырындап чечилүүдө. Ушундан улам, КЖБР – бул, малыматтын системадагы кыймылы, бул «кабарлоочу кан тамыр», бул мамлекеттик органдардын ортосундагы кылмыш иштеринин кыймылы, укуктук статистика боюнча маалымат алмашуусу.

Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестри төмөнкү блоктордон турат: сотко чейинки өндүрүш, соттордогу өндүрүш жана кылмыш жазалоону аткаруу.

КЖБР жана «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү системасы
Азыркы учурда соттук органдарын «Адилет сот», жана жазык-аткаруу системасына бириктирүү боюнча модулдар иштелип чыгууда. Каттоо адегенде укук коргоо органдарынын маалыматтардын электрондук эсептөө журналында өтөт бул КЖБРга «эшик» катары.

Бул кабарлоо 102, 103, 112, (МЧС) ӨКМ линиялары боюнча, жарандын арызы же кабарлоосу, кызмат адамдарынын рапорттору, ММКдан маалыматтар. Андан кийин КЖБРда каттоодон өтөт.

Арыз берүүчүлөргө уникалдуу QR-коду менен идентификациялык номерлүү кабарлоо-талону берилет, муну менен жаран же адвокат, андан кийин арыздын жылышын, ал эмне болуп жатат, кайсы тергөөчүгө буйрук берилген, андан кийин кайсы судьягаберилет, кандай чечим кабыл алынгандыгын байкайт.

Сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизгенден тартып башталат.

Алгачкы тергөө органынын кызматтык адамы, тергөөчү, прокурор Кылмыштардын Бирдиктүү реестрине маалыматтарды кечиктирбей арыздар, жасалган кылмыш иши же жосун жөнүндө маалыматтар берилгенден 24 сааттан кеч эмес киргизүүгө милдеттүү.

Бул кылмыш ишиби же жосунбу, ушуга жараша тергөөнүн ар кандай жолдору болот. Бардык аракеттер КЖБРга киргизилет: тергөө аракеттери, шектөө жөнүндө кабарлоолор, бөгөт коюу чаралары, атайын тергөө амалдары процессуалдык чечимдер, ишти сотко ж.б. жөнөтүү. Андан кийин соттордогу өндүрүш алкагындагы бардык аракеттер, алдын-ала угуулар жана пробациялык докладды дайындоо, инстанциялар боюнча соттук кароолор, ж.б.у.с.

Андан ары соттун чечимдери же өкүмдөрү кандай аткарылып жатат же пробация же эркинен ажыратуу, эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазалоонун башка түрлөрү жөнүндө маалыматтар киргзилет. КЖБРда негизги документтерди системада
тиркеп коюу мүмкүнчүлүгү болот, иштерди архивдештирүү, оff-line же on-line режиминдеги жумуштар, бул тергөчүүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун жана башка кызмат адамдарынын жумуштарын бир канча жөнөкөйлөтөт. Жазалардын жаңычылдыгы (новеллалары) жана тиешелүү мамлекеттик органдар ушул жерде КЖБРда кездешишет.

КЖБР системасына жетишүү көп баскычтуу. Бул тигил же бул ведомстонун жетечисинин статусуна жараша, анын көзөмөлүндөгү облустардын, райондордун абалдарын көрө алат.

Мисалы, облустун прокурору же ИИБдин начальниги облус боюнча жана ушулоблустун райондору боюнча картинаны, райондун прокурору өзүнүн гана районун жана өзүнүн кызматкерлеринин жумуштарын көрө алат.

Жетекчилерге система өз убагында көйгөйлүү участкаларга көңүл бурууга, ыкчам чечимдерди кабыл алууга, маалыматтар жана далилдерди толук көлөмдө алууга, статистиканы түзүүгө жана талдоого жардам берет.

Түйүндүн архитектурасы комбинацияланган: түйүн ички маалыматтык ведомстволук бөлүгүндө система борборунан ажыратылган, жана КЖБР бөлүгүндө борбордоштурулган. Бул түйүндүн маалыматтары арыздын кыймылы же жарандардын жана адвокаттардын иштери (процесстин катышуучулары) боюнча ачык, жалпы элдик болот, кийин бул расмий статистикалык маалыматы менен инфографиктер болушу мүмкүн. Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестри адам кантип «системага кирип жатат» жана ал кантип «системадан чыгып жатканын» байкап турууга мүмкүнчүлүк берет, кылмыш системасын көрүнүктүү, түшүнүктүү кылат, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө, биздин өлкөнүн калкынын укук коргоо жана сот органдарына болгон ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Кылмыш соттук өндүрүш мыйзамдарына киргизилген көп өзгөртүүлөрдүн себебинен КЖБР системасын өркүндөтүү боюнча көп нерселерди жасоо  керек.

Бул башталышы гана, КЖБРды сөзсүз түрдө темпин кийинки жылдарда дагы жогорулатуу зарыл, КЖБРдын катышуучу-мамлекеттик органдарына ушул программалык камсыздоону тейлөөнү жакшыртуу үчүн өздөрүнүн ички ведомстволук маалымат системаларын өнүктүрүү, ар бир органда IT – адистеринин бөлүмдөрүн өздөрүнүн КЖБР системасында мыкты интеграциялоо үчүн түзөт. Өлкөлүк IT-адистерин түзүү КЖБРди толук көлөмдө ишке киргизүүгө жана бул системанын кынтыксыз иштешин камсызкылууга мүмкүнчүлүк берет. Ведомстволор аралык коордиациялоону координация кылуучу КР Башкы прокуратурасы менен биргеликте күчтөндүрүү маанилүү жана жалпы процессте талаптуу болуп саналат. Мамлекеттик органдар жана жарандар үчүн call борборлорду же ыкчам линияларды мамлекеттикоргандардын базасында түзүү, кеңири маалымат берүү реформалоонун жалпы мамлекеттик саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.


Ссылка: https://barometr.kg/tahmina-ashuralieva-kylmyshtardyn-zhana-zhoruktardyn-birdikt-reestri-bul-unikalduu-sistema



Добавить комментарий