Таежеси бир жарым жаштагы баланы сийип койгондугу үчүн сабаган. Бала ооруканага жеткенде каза болду
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда өзүнүн таежеси бир жарым жаштагы баланы сийип койгондугу үчүн өлтүрө сабаган. Бул тууралуу Ысык-Көл олусттук ички иштер башкармалыгынан Barometr.kg сайтына маалымдашты.
Маалыматка караганда, 23-декабрда райондук ооруканага токмок жеген бир жарым жаштагы бала келип түшкөн. Кийинчерээк ал бала таежеси менен жашаары, сийип коййгондугу үчүн жыгач менен сабап, жаткырып койгондугу аныкталды. Андан соң, бала кыйналып баштаганда ооруканага жеткирүүгө аргасыз болгон. Бирок, тилекке каршы ооруканага жеткенде бала чарчап калган.
Баланын энеси күйөөсү менен ажырашып, эжесине таштап Орусияга иштегени кеткени маалым болду.
Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Добавить комментарий ×