Табигый жана арзан каражаттар менен сулуулукка кам көрсө болот. Кыздарга кеңеш
Сырткы келбетке кам көрүп, ар дайым сулуу болуп жүрүүнү бардык эле аялзаты кааласа керек. Бирок, жалкоолуктун айынан кээ бир айымдар сулуу боло албай келет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Чындыгында сулуу эмес айым жок, өзүнө-өзү кам көрбөгөн айымдар бар. Териңиз убактысынан эрте картайып, бузулбашы жана ар дайым сулуу, сымбаттуу болуп жүрүү баарыбызга эле жакса керек. Өтө деле көп убакытты талап кылбаган, арзан жана керектүү кеңештерди сунуштайбыз:
1. Дарыканадан Е витамининин майлуу эритиндисин (капсула түрүндө) сатып алыңыз. Аны бетке укалап сүйкөп, 30 мүнөттөн кийин жумурткасын сарысын сүйкөйсүз. 30 мүнөттүн ичинде териге толук сиңүүсү керек. Убакыт өткөндөн кийин салкын суу менен жууп таштайсыз. Бул ыкма беттеги безеткини кетирип, беттеги тешиктерди тазалоого жардам берет. Ар дайым жасап турсаңыз, бет териси жылтырап, жумшара түшөт.
2. Бетти тазартып, өлгөн клеткаларды кетирүү үчүн соданы 3 пайыз суутек кычкылы менен аралаштырасыз. Бетке укалап сүйкөйсүз.
3. Түктөрдөн кутулуу үчүн 2 аш кашык кофе тунмасы менен 1 чай кашык сода аралаштырыңыз. Кошулманы териге жабыңыз. Бир жуманын ичинде түктөр азая баштайт.
4. Кырынууга арналган кремдин ордуна балдарга арналган майды пайдаланган жакшы. Ошондо буттун териси бузулуп, кыжырданбайт.
5. Бутка арналган скрабды даярдоо үчүн зайтун майы, бал менен шекер (1:1 катнаштагы) аралаштырып, кошулманы жасайсыз.
6. Шампуньга сода кошуп, башыңызды адаттагыдай жууйсуз. Натыйжасында чачыңыз жеңилдеп, көлөмдүү болуп калат.
Ссылка: https://barometr.kg/tabigyj-zhana-arzan-karazhattar-menen-suluulukka-kam-krs-bolot-kyzdarga-keesh
Добавить комментарий ×