"Таалай элеси" тобунун солисттери Тотомидин & Сурма дуэтинин ортосунда кандай мамиле бар? Жолдошовдун жообу
Легендарлуу “Таалай элеси” тобунун учурдагы солисттери Тотомидин Жолдошов менен Сурма дуэт катары ырдап келишет. Тотомидин & Сурма дуэтинин учурда өздөрүнүн угармандары жана күйөрмандарды топтоп, оозго алынып, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай эмгектенип келишет. Топтун учурдагы жаңылыктары жана пландары менен Тотомидин Жолдошов Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.
-Саламатсызбы, азыр “Таалай элеси” тобунун солисттери болуп Сурма экөөңүздөр эле ырдайсыздарбы?
- Ооба, азырынча экөөбүз элебиз. Бирок алдыда дагы топ ачсакпы деген пландар бар.
-Учурда экөөңүздөрдүн репертуарыңыздар жалпы канча ыр, канча клип бар?
- Жалпы даяр 16 чыгарма бар, ал эми клиптерден 8-клипти тартып жатабыз. Кечээ “Бишкек-Каракол” деген чыгармабызды тартып бүтүрдүк. Бекзат деген бала тартты, клипти атайын Бишкек-Каракол шаарларынын ортосунда, Ысык-Көлдө тартылды. Буюрса күйөрмандарыбыз жакында жаңы клипке күбө боло алышат.
-Сурма экөөбүңүздөрдун мамилеңиздерди тескери кабыл алган адамдар болобу?
- Ооба болот, андайлар көп. Эми, "Элдин оозунда элек жок" деген чын экен, ар кандай айта беришет. Бирок биз сахнада жүргөндө сүйүү ырларына образ бериш үчүн сүйүшкөндөрдөй ырдайбыз, ал эми жашоодо тайке-жээнбиз. Сурма менин бир тууган жээним болот.
-Экөөңүздөрдүн жеке жашооңуздар тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Менин үй-бүлөм бар, келинчегим экөөбүздүн ортобузда 4 балабыз бар. 2 уул 2 кыз. Сурманын да жолдошу бар. Нарындан болот.
Экөөбүздүн өз жашоолорубуз ар башка болгону мен эң башында дуэт менен баштагандыктан “Таалай элеси” тобун улантып келе жатабыз.
-Ортодо келишимдин (контракттын) негизинде ырдайсыздарбы?
- Бизде келишим деле жок. Келишими жок эле ырдап келе жатабыз, мындан ары да Кудай буйруган мөөнөткө чейин колдон келишинде ырдай беребиз.
-Алдыда дагы кандай пландарыңыздар бар?
- Орозо бүтсө дагы бир клипти тартуу алдында турабыз. Ал трагедиялуу клип болмокчу. “Эгиздердин арманы” деген 9 жаштагы Апал, Үпөл деген кыздар тууралуу жакшы бир чыгарма жазып жатабыз, себеби жашоодо балдары болуп туруп, жашоонун кыйынчылыгына чыдабай ичип кеткен ата-энелер дагы бар. Айрымдары балдарынын көзүнчө ичип жүрүшсө башкалары перзенттерин балдар үйүнө берип салышат эмеспи, мына ушундай ата-энелер үчүн атайын тарбиялык мааниси чоң кайгылуу ырга клип тартуунун үстүндө иштеп жатабыз. Учурда сөзү, обон даяр болуп калды.
-Продюссериңиздер барбы?
- Жок, мен өзүм продюссер менен иштешип көргөн ырчы эмесмин негизи эле. Баарын өзүм сүйлөшүп, теле-радиодогу режиссерлор менен да өзүм макулдашып келем. Башынан эле өз күчүбүз менен ырдап келебиз.
-Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө жалпы канча жыл болду?
- “Таалай элеси” тобу 1999-жылы түзүлгөн. Мен топтун алгачкы курамында эле бар болгондуктан ошол учурдан тарта чоң сахнага чыга баштагам. Быйыл 2019-жылы билинбей эле 20 жылдын жүзү болгону турат. Анын урматына августта жеке концертимди берип күйөрмандарымдын бирине авто унаамды белек кылайын деген жакшы ниетте турам.
-Концертиңиз мыкты деңгээлде өтүшүнө тилектешпиз!
Маегиңизге чоң рахмат!
Добавить комментарий ×