Таң эрте келген Путинди президент Жээнбеков өзү тосуп алды
Бөлүшүү:
Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн бүгүн Кыргызстанга келди. Орусия лидерин «Манас» эл аралык аэропортунда президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Путин бүгүн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Ошондой эле аталган жыйындын алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу да болот.
Ссылка: https://barometr.kg/ta-erte-kelgen-putindi-prezident-zheenbekov-z-tosup-aldy
Добавить комментарий ×