"Сөз бергем". Россияда 23-кабаттан боюун таштап жиберген өспүрүм аман калды
Чувашиянын Новочебоксарск шаарында жаш бала 23-кабаттан секирип, унаанын үстүнө кулап, аман калды. Бул тууралуу Mash телеграм-каналы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Mash каналынын маалыматына ылайык, 11 жаштагы бала 23-кабаттагы терезеден секирип, токтоп турган “Газель” унаасынын үстүнө түшкөн. Бул анын аман калышына себеп болгон. Учурда өспүрүм реанимацияда жатат.
Маалым болгондой, бала теңтушуна берген сөзүн далилдөө үчүн ушундай кадамга барган. 23-кабаттан секирер алдында бала ата-энесине кат жазып калтырган.
"Апа, ата, мен сиздерди аябай жакшы көрөм. Мени жоктоп, ылабаңыздар. Менин сиздерден бир өтүнүчүм бар: Саша чоңойгончо сенин агаң бар болчу деп айтпай туруңуздар. Ал качан гана 18ге чыкканда айтыңыздар. Апа, мага таттуу балалык тартуулаганыңыз үчүн рахмат. Ата, суранам, ыйлаба. Мен Андрейге сөз бергем. Эгер сен менин Соняга болгон сезимимди ага айта турган болсоң көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюмду таштайм дегем. Андрей менин сөзүмдү тамаша катары кабыл алып, Соняга айтып коюптур. Ошондуктан ушул кадамга барып жатам. Анткени, мен сөз бергем”, - деген кат таштаган.
Добавить комментарий ×