Сырганы кантип тандоо керек?

15 июня 2022 08:40 1940 Barometr
Поделиться в:
ok

Аял затынын көркүнө-көрк кошкон аксессуарлардын бири бул сырга. Аны кантип тандоо керек? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Жумушка

Жумушка сиздин ишкерлик образды ачкан сырга тандаңыз. Ал алыстан көзгө урунбаган, жөнөкөй болуш керек. Офиске көбүнчө формасы тоголок болгон сыргалар туура келет.

Кечки отуруш

Жалтылдаган кымбат сыргаларды кечки  отурушка, театрга, конокко барганда тагып барган жакшы. Жалт-жулт эткен сыргалар отуруштун ажарын ачат. Кечки отурушка тагына турган сыргалар сөзсүз түрдө көзгө түшкөн,  адамдарды өзүнө тарткан болуусу кажет.

Күнүмдүккө тагыла турган сыргалар

Ал сиздин кайсы жакка барып, кандай кийингениңизге байланыштуу. Эгерде сиз классикалык кийим кийип, бир жолугушууга бара турган болсоңуз, анда кийимиңиздин өңүнө жараша, стилдүү сөйкөлөрдү тандап алыңыз. Бала менен бир жакка чыга турган болсоңуз, анда узун сөйкөлөрдөн баш тартканыңыз оң.

Кымбат сыргалар

Сыргалар кымбат жана арзан металдан жасалат. Күмүштөн, алтындан, платианадан  жасалган  сыргалар кымбат баалуу болуп саналат.

Алардын үлгүлөрү төмөндөгүчө

Алтын: 999, 958, 750, 585, 500, 375.

Күмүш: 999, 960, 925, 875, 830, 800.

Платина: 950, 900, 850.



Ссылка: https://barometr.kg/syrgany-kantip-tandoo-kerek



Добавить комментарий