Сынга сынбаган Самара Каримова бул жолу жеке чайханасын ачты

10 января 2019 11:05 7000 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Самара Каримова эл сындаган, ар тараптуу терс пикирлерге чыдаган ырчылардын бири.

Көпчүлүк ырчыны жолдошу өзүнөн бир топ жаш улуу болгондугу жана ага карабай колунда бар инсан экендиги үчүн катуу талкууга алып келет.

Каримова кандай гана жумушка орношпосун, кайсыл иштин башын кармабасын калк жабыла «күйөөсүнүн артынан» деп кеп кыла баштайт.

Жакынкы күндөрдө ырчы жеке интернет баракчасына Ошто өзүнүн атынан чайхана ачкандыгы тууралуу кабарлады. Инстаграм ырчыга жакшы жарнама булагы болуп бергенин көрүүгө болот. Анткени Самара айым күн сайын чайханасын жарнама кылуудан чарчабай келет.

Ырчы буга чейин бийчилер тобун негиздеп, сулуулук салонун ачкан. Ага кошумча 2018-жылы Оштогу музукалык окуу жайдын жетечиси болуп дайындалып бирок 1 күндөн кийин кайра кызматтан алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/synga-synbagan-samara-karimova-bul-zholu-zheke-chajhanasyn-achty



Добавить комментарий