Сынга калып сынбаган, талкуу болуп тараган, ырдап жүрүп баш кошкон кыргыз дуэт ырчылары
Кыргыз эстрада ырчылары ортосунда жеке гана ырдап чыгып таанылбастан кесиптештери менен дуэт аткарып белгилүү болгондор бар. Алардын айрымдары жалгыз ырдаганга караганда дуэт ырдап чыкканда элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Албетте дуэттердин аягына чейин чыккандары жокко эсе, ошентсе да Barometr.kg сайты кыргыз эстрадасында көрүнүктүү орунду ээлей алган дуэттерди тизмектеди.
1. Урмат&Неля
Урмат Усенов менен Неля Нуркулова 2008-жылдын 15-мартында баш кошуп бир үй-бүлө болушкан. Ошол күндөн тарта коомчулук аларды “таттуу түгөйлөр” деп атап келет. Урмат менен Нелянын аткаруусундагы ар бир ыр өз угармандарын таап элдин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Жылдыздуу түгөйлөрдүн жана ырчыларга үлгү болгон дуэттин баш кошконуна быйыл 11 жыл толду. Ал убакыт ичинде Урмат&Неля дуэти бир катар ырларды жаздырып, жеке концерттерин берүүгө жетишти. Таттуу түгөйлөр үстүбүздөгү жылдын 29-30-мартында өздөрүнүн жыпар жыттуу атырларын элге тартуулашты.
2. Айбек&Гүланда
Айбек Каримов менен Гүланда алгач 2009-жылы 10-декабрда баш кошушкан. Бирок бул ырчылар бир үй-бүлө боло электе 3 жыл бою чогуу иштешип келишкен. Жылдыздуу түгөйлөрдүн “Менин сүйүүм” аттуу дуэти чоң папулярдуулукту алып келген. Бирок Айбек Каримов 2017-жылы жарыкка чыккан “Кош канат” дуэти жубайы менен аткарган акыркы дуэти болгон. Кийин Карымов чыгармачылыктан кетүү чечимин кабыл алып жеке концертин бергенден кийин сахна менен коштошкон. Ал эми Гүланда учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып келет. Жылдыздуу түгөйлөрдүн баш кошушуна чыгармачылыктагы аткарган дуэттери себеп болгон.
3. “Non Stop” дуэти Чолпон Талипбек&Максат Садырбеков
“Non Stop” дуэти 2009-2010-жылдар аралыгында тузүлүп жаштар арасында чоң популярдуулукка жеткен. Алардын “Кыргызстаным” “Бийиктик” жана “Ак сүйүү” аттуу дуэттери жаш муун арасында жакшы кабыл алынган. “Бийиктик” дуэтинен кийин ага чейин айтылып келген эки ырчынын ортосунда кесиптештиктен бөлөк дагы башка мамиле бар деген болжолдорду кайра күчөткөн. Алар бир топ убакыт “Жыргал LIFE” көрсөтүүсүн да даярдап алып чыгып турушкан. Бирок өткөн жылы “Non Stop” ортодогу келишим аягына чыкканын жана дуэттин жаңы курамы түзүлөөрүн кабарлап күйөрмандарын дүрбөлөңгө салган. Максат Садырбеков сүйүктүүсү бар экендиги тууралуу жаңылыгы менен бөлүшүп жакынкы күндөрдө ага баш кошуу алдында турат. Ал эми Чолпон чыгармачылыгын жогорку деңгээлде улантуунун үстүндө талыкпай эмгектенүүдө.
4. “Талан 60К”&Айя Садырова
Талант Кадыров менен Айя Садырова 2018-жылы “Сен менин түшүмсүң” жана “Келчи гүлүм” аттуу эки ырды дуэт кылып ырдап чыгып аларга клип тарткан. Аталган ырлар чыгаары менен ырчылардын күйөрмандары алардын ортосунда жакын мамиле бар деген ушактарды айтууга өтүштү. Айя Садырова ошол учурда чыгармачылыктан алыстап кеткен эле, ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин кайра ыр дүйнөсүнө кайтып келген. Ал эми Талант Кадыров болсо экинчи дуэтти жаздыраар алдында жубайы каршы болгонун бирок кийин чечишип алышканын айткан. Маалым болгондой аталган дуэт кыска убакыттын ичинде эл оозуна алынып, жакшы дагы, жаман дагы сындарга кабылды. Айрымдар “Айя үй-булөлүү эркекти жолдон буруп жатат” деген пикирлерин дагы деле айтууну токтото элек. Бирок ырчылар ушактарды дайыма четке кагып келишет.
5. “Кеңеш” тобу
“Кеңеш” тобу дегенде эле “Сирен гүлү” “Кызыл гүл” “Карагат” чыгармалары эске келбей койбойт. Топтун солисттери Мүзүр менен Гүлмира чогуу бир үй-бүлө болуп жашап келе жаткандарына быйыл 19 жылдын жүзү болуп олтурат. Жылдыздуу түгөйлөр өз учурунда кандай таанымал болсо бүгүнкү күндө да шоу бизнес чөйрөсүндө өз орду бар дуэттердин катарын толуктайт. Аталган дуэттин аткаруусундагы дээрлик бардык ырларды, клиптерди эл сүйүп угат. Бирок акыркы учурларда бул жуп сахнадан бир аз алыстай түштү.
6. Тотомидин&Сурма
Тотомидин Жолдошов менен Сурма Тургуналы кызы легендарлуу “Таалай элеси” тобунун учурдагы солисттери. Алардын аткаруусунда 16 чыграма бар болуп анын 8ине клип тартышкан. Айрымдар Тотомидин менен Сурманын ортосунда башка мамиле бар деп шек санап, сындап келишет. Бирок Жолдошов Сурма бир тууган жээни болоорун жана экөөсүнүн да өз үй-бүлөлөрү бар экенин айткан.
7. Нурлан Насип&Асель Кадырбекова
Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова өткөн жылы 10-май күнү салтанаттуу үлпөт тоюн беришкен. Алар баш кошкондо жалпы калкка үйлөнүү концертин тартуулап элдин да батасын алган. Түгөйлөр жеке ырчы болуп жүргөн кездерде кыз-жигит экендигин бир топ убакытка чейин жашырып келишкен, бирок бойдок кезинде да “Ашык болуу” “Жакшы көрөм түбөлүк” аттуу дуэттерди жаздырып клип тартууга жетишишкен. Тойдон кийин жылдыздуу түгөйлөр “Ырдалып бүтпөйт махабат” “Бакытымсың” дуэттерине клип тартып күйөрмандарына тартуулаган. Асель Кадырбекова кош бойлуу болгон үчүн чыгармачылыктан убактылуу алыстап турууга туура келген. Ал үстүбүздөгү жылдын 27-мартында көз жарып, Дария аттуу кыздуу болгон. Ал эми Нурлан Насип чыгармачылыгын жогорку деңгээлде улантып келет.
8. Аваз Акимов&Айдана Дека
Аваз менен Айдананын аткаруусунда учурда 2 дуэт бар. Жылдыздуу түгөйлөр үстүбүздөгү жылдын 16-мартында баш кошуп 2 жолу той берип кайра той концертин берүүгө жетишишти. Алар кыз-жигит болуп жүргөндө 2 “Аппагым” баш кошкондон кийин “Жаным” дуэттерин тартуулашты. Түгөйлөр мындан ары дагы дуэттерди жаздыраарын айтышууда.
Добавить комментарий ×