Сыймыктуу сүрөп! Күрөш боюнча дүйнө чемпиондору балбандарыбызды тосуп алуу аземи

15 сентября 2022 09:28 1716 Barometr
Поделиться в:
ok

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору болгон Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду Бишкектен тосуп алуу аземи болду. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары түшкөн учак 15-сентябрда таңга маал “Манас” аэропортуна конду. 

Спортчуларды жакындары, расмий өкүлдөр жана күйөрмандар тосуп алышты.   

Ушул күндөрү Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда   

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 3 медаль - 2 алтын жана коло байгеге ээ болду.  

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль алды. 

Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми ,Жоламан Шаршенбеков (60 кг) дагы бир алтын байгени алып келди.

Ошондой эле дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө бешинчи орунга илинди.


Ссылка: https://barometr.kg/syjmyktuu-kz-karash-saltanattuu-azem-krsh-boyuncha-djn-chempionu-yuolgon-baatyrlarybyz-bishkekke-keldi



Добавить комментарий