ИИМ: Сыймык Жапыкеевдин чакырыктарында кылмыштын белгилери бар
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин КЖБРге катталган арызы боюнча Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган мекеменин корутундусуна ылайык, Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча кылмыш жасоого тиешеси бар бардык жарандарды тактоо жана аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-zhapykeevdin-chakyryktary-tuuraluu-terg-ishteri-zhrp-zhatat
Добавить комментарий ×