Сыймык Бейшекеев: Мамлекет Гүлмайрам Момушовага наам эмес, үй берсе болмок

16 сентября 2020 11:10 1064 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата ырчы Гүлмайрам Момушовага КР эл артисти наамы берилеген. Бирок бул кечигип берилеген наамдын зарылчылыгы жок экенин ырчы Сыймык Бейшекеев айтып чыкты.  Бул тууралуу ырчынын соц тармакка жарыялаган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бейшекеевдин айтымында, улгайганда берген наамдын зарылчылыгы деле жок. Жаш кезинде берилсе сыймыктануу менен эл алдына таңшып ырдап чыгат эле деген оюн айтты.

“Адамды көзү тирүүсүндө сүйүнткөн кандай жакшы, Гүлмайрам Момушова эже менин апам курактуу. Ага эми  КР эл артисти деген ардактуу наам берилди, куттук айтып кубангандардын катарындамын, бирок деген ой мазамды алып, санаамды мыжып атат. Ошол бийик даражалуу наам ал кишиге азыр зарылчылыгы же тыйынчалык пайдасы барбы? Албетте жок, учурунда жок эле дегенде мындан 20 жыл илгери берилсе эл алдында жаркып ырдап, көпчүлүктүн жарпын жазып турмак да. Азыр Гүлмайрам эжебизге сыйлык эмес, сый урмат, наам эмес нарктуу камкордук керек. Мамлекет ушундан жарды болуп кетсе да жок дегенде батирден батирге көчүп жүргөн таланттуу апабызга 1 бөлмө үйдөн ачкычын берип койсо өмүрү узарып, мурунку жасаган эмгектеринин акыбети кайтканына маңдайы жарыла кубанмак беле деп ойлодум. Эжени карантин маалында азык түлүк жеткирейин деп замандаштарынан сурап жада калса дарегин таппадым”, -деди ырчы.

Ошону менен катары эле, Сыймык Бейшекеев жалпы элди эженин булбул үнүн бир бөлмөлүү үйгө айлантканга салым кошууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-bejshekeev-mamleket-glmajram-momushovaga-naam-emes-j-berse-bolmok



Добавить комментарий