Сузактагы балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Ленин айыл өкмөтүндө жайгашкан баасы 17 568 000 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган 2 кабаттуу бала бакча 0,42 га жер участогу менен Жалал-Абад областтык мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде "Ж. Ш." акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 17 568 000 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 0,42 га. жер аянты менен бирге муниципалдык баланска кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/suzaktagy-baldar-bakchasynyn-imaraty-mamleketke-kajtaryldy
Добавить комментарий ×