Сузакта милиция бүтүрүүчүлөрдү тоо-ташка чыгып эс албоого чакырды

21 мая 2020 11:18 1313 Barometr
Поделиться в:
ok

Сузак РИИБи тарабынан район аймагында жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү кокустуктарынын алдын алуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда милиция тарабынан агын суулар, көлмөлөр, бассейндер көзөмөлгө алынууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан чоң арыктардын кооптуу участокторуна, сууга түшүүгө мүмкүн эмес жерлерге эскертүү тактайчалар орнотулду. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө онлайн сабактарын окуу менен үйдө болуу керектиги эскертилди.

Ал эми Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте онлайн форматында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алдыда келе жаткан 25-май акыркы коңгуроо күнүнө карата эч кандай эс алуу кечелери өткөрүлбөөсү керектиги жеткирилди. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө автоунаалар менен шаар аралоого жана тоо койнунда эс алууга болбой тургандыгы айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-suuga-tshg-mmkn-emes-zherlerge-eskert-taktajchalar-ornotuldu



Добавить комментарий