Сузакта шахта урап эки киши каза болду

16 июня 2021 11:25 2500 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 15-июнда Жалал-Абаад облусунун Сузак районунда шахта урап эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз  кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык казаболгондордун бирөө 46 жашта, экинчиси 48 жашта болгон.

"15-июнь күнү Сузак районунун, Маркай айылынын Өрүктү тилкесинде жайгашкан шахта урап, эки адам ичинде калып калган. Маалымат түшөр замат жерине Сузак райондук 6 куткаруучу тартылып, саат 16:58де маркумдардын жансыз денесин шахтадан чыгарышып, Сузак  райондук ИИМ кызматкерлери менен биргеликте туугандарына өткөрүлүп берилди",- деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, ушундай эле окуя 8-июнь күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарында болгон. Анда  шахта урап түшүп, кырсыктын кесепетинен шахтанын жумушчулары эки эркек киши каза болгон. 


Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-shahta-urap-eki-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий