Сузакта сарайдын чатыры жана 1 800 түк чөп өрттөнүп кетти
Поделиться в:
Сузак районунда өрттөн сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 14-сентябрда Жалал-Абад облусунда саат 11:47 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Доскана айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 132 чарчы метр чатыры жана 1800 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-sarajdyn-chatyry-zhana-1800-tk-chp-kjp-ketti
Добавить комментарий ×